Биз менен байланышыңыз

16-сентябрда жеңилдетилген ипотека бериле баштайт

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 381 | 1

«Менин үйүм-2021-2026» программасынын алкагында мамлекеттик жеңилдетилген ипотекаларды берүү 16-сентябрда башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) билдирди.

МИК ААКы электрондук порталга катталган бардык жарандардан арыздын толуктугун жана тууралыгын текшерүүнү суранат – https://portal.gik.kg.  Инструкция шилтеме боюнча: https://clck.ru/XJryj

«Менин үйүм-2021-2026» программасынын алкагында ипотека 4 багыт боюнча берилет:

1. Бюджеттик сектордун кызматкерлери үчүн «Даяр турак жай сатып алуу» жеңилдетилген ипотекасы:

  • жылдык пайыз — 4%;
  • баштапкы төлөм  – 10% (баштапкы төлөм жок болгон учурда кошумча күрөө талап кылынышы мүмкүн);
  • кредиттин мөөнөтү  – 15 жылдан 25 жылга чейин (кардардын төлөө мүмкүнчүлүгүнө жараша);
  • ипотекалык насыянын эң жогорку суммасы – 4 млн сомго чейин.

2. «Жеке турак жай куруу»:

  • курулуш жүрүп жаткан убакта жылдык 8% жана курулуш аяктагандан кийин жылдык 4%;
  • баштапкы төлөм  – 20%дан жогору;
  • кредиттин мөөнөтү  – 15 жылдан 25 жылга чейин;
  • ипотекалык насыянын эң жогорку суммасы  – 4 млн сомго чейин.

Бардык жарандар үчүн «Жеткиликтүү ипотека» (Бишкек, Ош шаарларында гана берилет):

3. «Даяр турак жай сатып алуу»:

  • жылдык пайыз — 8%;
  • баштапкы төлөм — 20% (баштапкы төлөм жок болгон учурда кошумча күрөө талап кылынышы мүмкүн);
  • кредиттин мөөнөтү — 15 жылдан 25 жылга чейин (кардардын төлөө мүмкүнчүлүгүнө жараша);
  • ипотекалык насыянын эң жогорку суммасы — 5 млн сомго чейин.

4. «Жеке турак жай куруу»:

  • курулуш мезгили үчүн жылдык 12% жана курулуш аяктагандан кийин жылдык 8%дык чен;
  • баштапкы төлөм — 20%;
  • кредиттин мөөнөтү — 15 жылдан 25 жылга чейин;
  • ипотекалык насыянын эң жогорку суммасы — 5 млн сомго чейин.

Эки багыт боюнча сатып алынган турак жайларга болгон талаптар:

  • көп кабаттуу үйдөгү батирлердин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашпоого тийиш;
  • жер үйлөрдүн жалпы аянты 150 чарчы метрден ашпоого тийиш;
  • турак жайдын бир чарчы метринин баасы 60 000 сомдон ашпашы керек.

1 пикир

1 пикир

  1. Алина

    03.09.2023 14:51

    Саламатсызбы биз катыша алабызбы мен иштебейм 4 балам менен уйдомун.Жолдошум иштейт .

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM