Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги 11 мектеп газ менен жылытылат

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 309 | 0

Бишкектеги билим берүү мекемелери жылытуу мезгилине даярдалып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Калаадагы 41 орто мектептин ичинен 10 мектеп электр менен, 18 мектеп көмүр менен, 11 мектеп газ менен, 2 мектеп сатып алынган буу менен жылытылат.

№21, №19 орто мектептер көмүрдөн табигый газга өткөрүлдү. 2022-2023-жылдарга калган мектептерди да газ менен жылытуу пландалууда.

Бир жылытуу мезгилинде план боюнча 3600 тонна көмүр берилет. Бул жылга тендер өткөрүлүп, жеткирүүчүлөр менен келишимдер түзүлгөн. Октябрь айынан тарта мектептерге көмүр түшүрүү иштери башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM