Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда COVID-19га каршы эмделген студенттер окуу акысын аз төлөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 514 | 0

Өзбекстанда COVID-19га каршы эмделген студенттерге окуу акысын төлөөгө 10% жеңилдик берилет. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку жана орто атайын кесиптик билим берүү министрлиги билдирди.

«Бакалавр, магистратура бөлүмдөрүндө окуган студенттер 2021-жылдын 1-ноябрына чейин COVID-19га каршы эмделсе, быйылкы жылдагы окуу акысына 10% жеңилдик берилет», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик билдиргендей, Өзбекстандагы окуу жайларда окуу акысы 6 млн сумдан башталып 17 млн сумга чейин жетет (560 доллардан 1 миң 600 долларга чейин).

Маселен, окуу акысы 560 доллар болгон студент 56 долларга аз төлөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM