Мирослав Ниязов Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, кызматтан кетүү тууралуу арызды Ниязов өзү берген.
Эскерте кетсек, Мирослав Ниязов элчи болуп 2019-жылы март айында дайындалган.