Биз менен байланышыңыз

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча өкүлү Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 243 | 0

Бүгүн, 9-сентябрда Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Атайын өкүл эки күндүк сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков жана акыйкатчы Токон Мамытов менен жолугушат.

Анда Евробиримдик менен Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташуусу, алдыда өтө турган Жарандык коомдун форуму жана Экономикалык форум талкууланат. Андан тышкары аймактагы жана Ооганстандагы кырдаал тууралуу сөз болот.

Ошондой эле Терхи Хакала Кыргызстандагы дипломаттар, анын ичинде Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн элчилери менен кездешет.

Эскерте кетсек, Терхи Хакала Борбор Азия боюнча атайын өкүлү кызматына быйыл 1-июлда киришкен. Кызматка дайындалгандан бери Кыргызстанга алгачкы ирет келүүдө.

Терхи Хакала – финляндиялык тажрыйбалуу дипломат. Ал орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Жаңы кызматка дайындалганга чейин Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинде технология жана коопсуздук боюнча элчи кызматын аркалаган.

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча жаңы атайын өкүлү дайындалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM