Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда талибдер менен макулдашпастан митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 491 | 0

Ооганстанда бийликти басып алган «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) алар менен макулдашпай каршылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салды. Мындай билдирүүнү кечээ, 8-сентябрда талибдердин Ички иштер министрлиги таратты.

Талибдер койгон талапка ылайык, каршылык акциясына чыгууну каалагандар жыйналыш тууралуу 24 саат мурда эскертип, анын максатын, айтыла турган ураандар тууралуу маалымат бериши керек. Талапка баш ийбегендер жазага тартылат.

«Акыркы кезде Кабулда жана башка провинцияларда жай тургундардын коопсуздугун жана тынчтыгын бузган массалык жүрүштөр болуп өттү. Мындай акциялар мыйзамдуу түрдө өтүп, Юстиция министрлиги жана башка органдар менен макулдашылышы керек. Жыйналыштын максаты, андагы ураан-чакырыктар жана башка маалыматтар тиешелүү бийлик органдарына 24 саат мурда берилиши зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, акыркы күндөрү Ооганстандын бир катар шаарларында талибдерге каршы турган «Улуттук каршылык көрсөтүү фронтун» колдогон, алар киргизген чектөөлөргө, аталган кыймылга колдоо көрсөтүүдө делген Пакистандын саясатына каршы жүрүштөр болууда. Талибдер каршылык акциясына чыккандарды күч менен таратып жатат.

Акциянын катышуучуларын таратуу учурунда жаракат алгандар, каза болгондор тууралуу маалыматтар бар. Ошондой эле талибдер журналисттердин ишине тоскоолдук жаратып, алардын айрымдарын кармап кетүүдө.

Талибдер 15-августта Кабулду ээлеп алгандан кийин өлкөгө өз бийлигин орнотту. 7-сентбярда алар жаңы түзүлгөн убактылуу өкмөттүн курамын жарыялады. Ал өкмөт «Талибандын» мүчөлөрүнөн куралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM