Биз менен байланышыңыз

«Мамлекет электромобиль ээлерине жашыл номер бериши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Сен 2021 | 2033 | 0

Электромобилдерге өтүү үчүн мамлекет жарандарга жеңилдиктерди берип, кызыктырышы керек. Мындай пикирин «Бишкек Тесла» борборунун башкы директору Жамалидин уулу Кумарбек «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал башка мамлекеттердин тажрыйбасын мисал кылды.

«Мурдагы Союз боюнча Украинада электромобиль өтө көп. Бензиндин кымбаттыгынан улам, алар электромобилге өтүүнү мурда эле башташкан. Бул иште мамлекет өтө жакшы жардам берген. Кубаттоочу станциялардын бардык түрүн коюп берип туруп, эл аларды 1-2 жыл бекер пайдаланган. Андан тышкары Белоруссияда да жакшы өнүгүп жатат. Ал жакта да нефть кымбат. Лукашенко кубаттоочу станцияларды үйлөрдүн астына дейре коюп берген да, 1 жыл бекер кубаттайсынар деген. «Тесланын» эң арзаны эле 47 миң доллар болгондуктан, айрым мамлекеттер акча жагынан да жардам берет. Мисалы, АКШда бирөө «Тесла» алса, анын 7 миңин жардам катары берет. Кытай 5 миң долларын жардам катары берет. Бизде мамлекет андай кыла албайт, бирок аларга жашыл номер берип, жок дегенде унаа токтотуучу жайларда бекер тургандай кылуу керек», — дейт Жамалидин уулу Кумарбек.

Анын айтымында, электромобилдерге өтүүдө жарандар бензинден гана эмес, аны бат-бат оңдотуп, тетик сатып алуудан да акчасын үнөмдөйт. Анткени бензин менен жүргөн автоунааларда 3 миңден ашуун тетик болсо, электромобилдерде 300дөн ашуун гана тетик бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM