Connect with us

«Электромобилдерди кубаттоочу станциялар алгач Бишкек менен Ысык-Көлгө курулат»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Сен 2021 | 1335 | 0

Статистикага таянсак, 2021-жылга чейин Бишкекте эки жүздөй электромобиль жана аларды кубаттоочу 2 станция болгон. Учурда электромобилдерди колдонууну жайылтуу үчүн кубаттоочу станциялардын санын көбөйтүү каралууда.

Экономика жана финансы министринин орун басары Жарасул Абдураимовдун «Маралга» билдиргенине караганда, бул максатта учурда Бишкек жана Ош шаарынын мэриясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Улуттук энергохолдингдин жетекчилиги менен да жолугушуулар болууда.

«Кубаттоочу станциялар башаламан болбой, иреттүү болушу керек. Эл аралык стандарттарга жооп бериши керек. Ар бир 50-60 чакырымда кубаттай турган станциялардын дислокациясын, картасын жасашыбыз керек. Биринчи долбоор боюнча биз Бишкек менен Ысык-Көл облусун бүтүрүүнү карап жатабыз. Анткени жолу да ыңгайлуу. Ар бир 50 чакырымда дүкөндөр, кафелер бар. Улуттук энергохолдингдин кубаттуулугу жетеби-жетпейби, аны да сүйлөшүп чыгуу керек болуп жатат. Азыр эл арасында да, ишкерлер арасында да кызыгуу абдан күчтүү болуп жатат. Ошол себептен жаңы жылга чейин токтомдор болобу, тескемелер болобу, ошонун баарын чыгарып, шарт түзүп беришибиз керек. Ал эми жеке ишкерлер менен кайсы типтеги машиналар келиши мүмкүн, кайсы кубаттоочу станцияларды алышыбыз керектигин сүйлөшөбүз. Мунун баары — көлөмдүү иш. Финишке жакындап калган ишти тездетишибиз керек», — дейт Жарасул Абдураимов.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM