Биз менен байланышыңыз

Энергетика министрлиги: Бензин боюнча Орусия менен сүйлөшүп жатабыз

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 228 | 0

Бензинди бажы төлөмү жок алып келүү үчүн Орусия өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди.

Эки мамлекеттин өкмөтүнүн макулдашуусу боюнча, быйыл Кыргызстан Орусиядан 460 миң тонна бензинди бажы төлөмү жок ташып келет. Анын ичинен 398 миң тоннасы ташылып, дагы 62 мин тонна калган.

Министрлик өлкөдө бензин башка мамлекеттерден арзан экенин белгилейт. Маселен, АИ-92 бензини Кыргызстанда — 56,6 сом, Тажикстанда — 76,4, Өзбекстанда — 65,5, Казакстанда — 35,9, Орусияда 54,2 жана Арменияда — 79,1 сом турат.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын нефтетрейдерлер бирикмеси индикативдик баланста белгиленген күйүүчү май дээрлик ташылып бүткөнүн, сентябрь айынан тарта бажы төлөмү алына баштагандыктан алдыда бензин дагы 1,3-1,7 сомго кымбаттай турганын билдирген. Ошондой эле Орусия Кыргызстандын индикативдик баланска өзгөртүү киргизип, бажы төлөмү жок ташылып келе турган майдын көлөмүн көбөйтүү сунушун четке какканы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM