Биз менен байланышыңыз

Маматокторов: Кайра эле бийликчил партиялар парламентке келет

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Сен 2021 | 849 | 0

Шайлоодон кийин кайра эле бийликчил партиялар парламентке келет. Мындай пикирин коомдук ишмер, журналист Шайырбек Маматокторов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бизде эреже, мыйзам, башкаруу формасы өзгөрүшү мүмкүн, бирок кимдин утуп келери жакынкы жылдары өзгөрүлбөйт.

«Бизде шайлоодо биринчи админресурс, бийликке тиешелүү партиялар утулбайт. Андан кийин олигархтардын жоон тобу бар. Алар ошондой каражат менен кандай системаны киргизсеңиз да, добуш сатып алганга кудурети жетет. Бул ирет бийликчил партиялар бир эмес, бир нече болуп калды. Мандаттын саны азайды, күрөө азайды, босого чек да азайган болчу. Партиялык тизмеде 54 орун үчүн 5% чек менен күрөшүү — оорураак. Андан анча-мынча партия өтө албайт. Прогрессивдүү, элдин купулуна толо турган, бирок акчасы жок партиялардын абалы оор», — дейт ал.

Журналист бийлиги, же акчасы жок адамдарга Кыргызстанда шайлоого катышуу чоң сыноо болуп каларын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM