Биз менен байланышыңыз

Орусия журналисттери «чет элдик агент» мыйзамына каршы акция уюштурду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 835 | 0

Бүгүн, 8-сентябрда Орусияда бир катар маалымат каражаттары «Чет элдик агенттер жөнүндө» мыйзамга каршы акция уюштурду.

Алардын акциясы «Чет элдик агент жок, журналисттер бар» деген ураан менен өтүп, ЖМКлар бул чакырыкты сайттарынын башкы бетине жайгаштырууда. Акциянын максаты бийлик тарабынан «чет элдик агент» деп табылган ЖМКларга жана журналисттерге тилектештик көрсөтүү болуп саналат.

Буга чейин 1-сентябрда журналисттер аталган мыйзамга 12 өзгөртүү киргизүү боюнча президент Владимир Путинге, анын маалымат катчысы Дмитрий Песковго жана юстиция министри Константин Чуйченкого кайрылышкан.

Журналисттер ЖМКларды чет элдик агенттердин тизмесине сот аркылуу киргизүү, мыйзам боюнча чет өлкөдөн алына турган каражаттын өлчөмүн белгилөө, «чет элдик агент» деп таанылган медианын маалыматын тараткан ЖМКлардан жоопкерчиликти алып салуу сыяктуу сунуштарды беришкен.

Эскерте кетсек, Орусияда «Чет элдик агенттер жөнүндө» мыйзам бир нече жылдан бери иштеп келет. Ага сырттан каржыланган уюмдардан тышкары, бир катар ЖМК жана журналисттер кирген. Тизмеге кирген ЖМК Юстиция министрлигине каржысы тууралуу отчёт бериши керек. Ошондой эле ар бир чыгарган макала-жаңылыктарында «чет элдик агент» экенин көрсөтүшү зарыл. Мындан улам жарнама бергендер азайып, жабылууга же кызматкерлеринин айлыгын азайтууга аргасыз болгон ЖМКлар бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM