Кыргызстандагы орто мектептин бүтүрүүчүсү жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) өтөт. Аны өткөрүү — «Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору» (ББОУБ) көз карандысыз уюмунун карамагында. Айта кете турган жагдай, мектептен алган билим менен тесттен жогорку упай алуу кыйынчылык жаратат. Себеби мектептен окугандар ЖРТда кездешпей калган учурлар арбын болот. Мындан улам билим берүү системасы жаңыланууга муктаж экенин бир ооздон белгилешет адистер.
Окуучунун негизги көйгөйү — келечектеги кесибин тандай албаганы. Буга мектептеги билим берүүгө ЖРТнын чоочундугу себеп. Мындай пикирин «Перспектив Стади» билим берүү борборунун жетекчиси Нурсултан Кубанов билдирди.
«Мектепте окуган нерсе ЖРТда кездешпей калганы эле билим берүү системасынын эскилиги жеткенинен кабар берет. Бүтүрүүчү класстын окуучулары көп учурда ЖРТны жакшы тапшыруу үчүн кошумча курстарды окуп жатышат. Негизи ЖРТга мектеп даярдашы керек эле да».
«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун уюштуруучуларынын бири Табылды Муратбеков билим берүү ыкмасы эскирген сайын жаштардын туура кесип тандоосу да төмөн деңгээлге түшөрүн белгилейт. Андыктан ал да «билим берүү системасын жаңылоо керек» деген пикирге толугу менен кошулат.
«Биз билим берүүдө союз убагындагы телефонду азыр деле көтөрүп жүргөндөй болуп жатабыз. Бул система союз учурунда мыкты болгон чыгар. Бирок азыркы жаштарга, азыркы замандын талабына туура келбей калды. Мисалга, азыр «мектептен алган билимимдин келечектеги кесибиме, турмушума пайдасы тиеби?» деген суроого жооп алуу күмөн жаратат».
Нурсултан Кубанов да жогорудагы пикирди кубаттайт. Ошол эле учурда бул көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу — Москвага эммиграцияга кетүү болуп калганына тынчсызданат.
«Мектепти аяктаган жаштардын, айрыкча, аймактардагы бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик көбү «Эми мен ким болом, кайсыл кесип мага жакын?» деген суроого жооп бере алышпайт. Демек, бул маселелени чечүү үчүн менин пикиримде, профилдик окутууга өтүү абзел. Дегеним, 7-8-класстан тартып тандаган кесибине байланыштуу предметти гана окушу керек. Мисалга, медик болом деген окуучу ошол жаштан баштап, биология, химия сабактарын окуп башташы керек. Мындай ыкманы дүйнөнүн көп өлкөлөрү колдонот».
Билим берүү жана илим министрлигинде системаны жаңылоо аракети болуп турарын, колдон келген кадамдар жасалып жатканын маалымдаган министрликтин мектеп жана мектептен тышкаркы окутуу башкармалыгынын адиси Гүлшан Абдылдаева профилдик окутууга муктаждык бар экенин белгилеп өттү.
«Негизи эле билим берүү системасы бир орунда тура бербейт, улам реформа болуп турат. Мунун себеби: техниканын өсүп жатканы. Бизде коронавирус башталганга чейин эле мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн онлайн формат иштелип жаткан. Ал эми жаңы мамлекеттик стандарттарга ылайык профилдик окутуу боюнча да карап жатабыз. Баланы мектеп жашында эле кесип тандоого үйрөтүү, ага жараша туура окутуу азыркы учурда керек болууда», — дейт Гүлшан Абдылдаева.
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кесип тандоодогу кыйналуусу билим берүүнүн жолдорун жаңылоо керектигинен кабар берет. Быйылкы жылы 61 миң 546 окуучу орто мектепти аяктаган. Бирок студент болууну эңсеп, ЖРТ тапшырган абитуриенттердин 25 миң 284ү гана босого баллдан өткөн. Бул жалпы бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик жарымынан көбү орто билим менен гана калды дегенди туюнтат.