Биз менен байланышыңыз

9-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 275 | 0

Эртең, 9-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаабайт. Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жаан жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14 … +19, күндүз +22… +27;

Талас облусунда түнкүсүн +6 … +11, күндүз +21 … +26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14 … +19, күндүз +28 … +33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +22 … +27;

Нарын облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +23 … +28 градус ысык болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17 … +19, күндүз +24… +26 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM