Биз менен байланышыңыз

«Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчиси кайра алмашты

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп Мирлан Жакыпов дайындалды.

Жаңы жетекчини ишкананын эмгек жамаатына энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев тааныштырды.

Буга чейин Жакыпов аталган ишкананын жетекчиси болуп иштеген. Үстүнөн иш козголгондугуна байланыштуу 2016-жылы кызматтан четтетилген. Бирок күнөөсү далилденбегендиктен, иш жабылып, акталып чыккан.

Белгилей кетсек, Жакыповго чейин «Кыргызкөмүрдүн» директору кызматын Марат Турдубаев ээлеп турган. Ал бул кызматка август айынын башында гана дайындалган болчу. Андан мурдагы директору Канат Ашырбаевди 3-августта УКМК ишканадагы коррупциялык схемага байланыштуу камакка алган.

УКМК «Кыргызкөмүр» ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевди кармады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM