Биз менен байланышыңыз

Кеминдеги Көк-Жар токоюндагы өрттү өчүрүү иштери уланууда

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 247 | 0

Кечээ, 7-сентябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Көк-Жар токоюнан чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, токойдогу өрт адамдардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккан.

«Тилсиз жоо менен күрөшүп, өрттү өчүрүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары күн-түн дебей иштеп жатат. Жаратылыш шарты катаал бул аймакта өрт менен күрөшүү чоң эмгекти талап кылып, куткаруучулар ондогон чакырымды жөө басып өтүүдө», — дейт министрлик.

Министрлик табиятты коргоо баарыбыздын милдетибиз экенин белгилеп, өрт чыгып кетүүсүнүн алдын алуу керектигин эскертет.

Эскерте кетсек, Көк-Жар токойундагы өрт тууралуу маалымат 7-сентябрда саат 17:00дө түшкөн.

Бүгүн, 8-сентябрда саат 06:30да 300 жакын адам – өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар, жергиликтүү тургундар ж.б. өрттү өчүрүүгө жөнөп кетишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM