Биз менен байланышыңыз

Камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов 4 иш боюнча шектелүүдө

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 550 | 0

Былтыркы октябрь айында болгон окуяларга байланыштуу камакка алынган саясатчы Жеңиш Молдокматовго 4 берене боюнча иш козголду. Бул тууралуу «Туран» партиясы билдирди.

Молдокматовго «Массалык башаламандыктар» беренесинин 3-бөлүгү, «Курал-жаракты уурдоо же опузалап алуу», «Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо», «Бийлик адамына күч колдонуу же коркутуу» беренелери менен иш ачылган.

Молдокматов «саясий куугунтук жүрүп жатат» деп эсептегендиктен, берилген билдирмелерге кол койбой, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Ал өзүн күнөөсүз деп эсептейт.

Белгилей кетсек, Молдокматов май айынын башында былтыркы 5-6-октябрь жана 9-октябрдагы окуяларга байланыштуу кармалып, камакка алынган. Ал иштин акыйкат каралышын талап кылып, 26-июлдан 5-августка чейин 10 күндөн ашык ачкачылык кармаган.

Жеңиш Молдокматов камакка алынганга чейин азыркы бийликтин иш-аракеттерин катуу сынга алып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM