Биз менен байланышыңыз

Ишкер айымдардын ишин илгерилеткен платформа түзүлдү

Коом , Экономика | 7 Сен 2021 | 1169 | 0

Бүгүн ишкер аялдардын инвесторлор менен байланышуусу, электрондук соода жүргүзүүсү үчүн түзүлгөн санариптик платформанын бет ачары болду. Платформа 2020-жылы пандемия учурунда иштелип чыккан. Ал өлкөнүн өнүгүүсүнө ишкер аялдардын кошкон салымын белгилөө, мамлекеттеги аялдардын ишмердигин колдоо, экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт. Азыркы тапта өлкөнүн бардык аймактарындагы 300дөн ашуун ишкер айымдын товарлары жана кызматтары ушул платформанын базасына киргизилген. 

Наргиза Таабалдиева Ош облусунун Өзгөн районунун Большевик айылынан келген. Ал бир канча жыл мурун кондитердик ишкана ачкан. Учурда ал жерде 100гө жакын жумушчу орун бар. Жумушчулары — негизинен ошол айылдын кыз-келиндери. Наргиза айым ишкана айылда болгондуктан, керектүү кошулмалардын баары табигый, таза өндүрүмдөрдөн алынарын белгилеп өттү.

«Ишканада көбүнчө миграциядан келген аялдар иштешет. Ар кандай себептер менен үйдө отуруп калган кыз-келиндерге жумуш орундарын берип жатабыз. Биз ар кандай тортторду, шириндиктерди, таттууларды бышырабыз. Ишти досум экөөбүз 20 миң сом менен баштаганбыз. Учурда тапкан кирешебиз 100 миңден 200 миңге чейинки сомду түзөт. Бул жакта иштеген кыздарыбыз атайын кондитердик окуулардан өтүп, сертификат алып келишет. Өзүбүздөн чыккан таза сүт, жумуртка жана башка керектелүүчү азыктарды колдонуп келебиз. Химикаттарды аз өлчөмдө кошобуз. Себеби: кардарларыбыздын көбүнчөсү жаш балдар. Азыркы убакта таза азыктар менен бышырууга дагы да аракет кылуудабыз».

Бүгүн «Аялдар арасында ишкердикти өнүктүрүү» фонду өлкөнүн бардык аймагынан келген ишкер аялдарды чогултту. Алар бири-бири менен таанышып, инвестор караштырып, товарларын сатуу мүмкүнчүлүктөрүн издешти. Фонддун аткаруучу директору Жадыра Балабасова иш-чаранын негизги максатын түшүндүрдү:

«Платформанын негизги максаты: Кыргызстандын бардык аймактарынан келген ишкер аялдардардын товар сатуу жана кызмат көрсөтүү иштерин өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө өркүндөтүүсүнө өбөлгө болуу; экинчиден, бүткүл мамлекет боюнча миңдеген ишкер аялдын товарлары менен кызматтарынын бирдиктүү маалымат базасын түзүү; Кыргызстандын аймактарына аялдардын ишкердигин жайылтуу. Ошондой эле аймактарда электрондук коммерцияны киргизүү жана өнүктүрүү, ишкер аялдардын кирешелеринин өсүшүнө шарт түзүү».

Пандемия учурунда өзгөчө стилдеги байпактар сатыкка чыга баштаган. Дал ушул жаңы инновациялык өндүрүштүн негиздөөчүсү Кундуз Асаналиева байпактар элдин аң-сезимине туура келген, өлкөнүн менталитетине ыңгайлашкан сүрөттөр менен даярдалганын айтып берди. Ал өндүрүмүн келечекте Казакстан жана Орусия сыяктуу өлкөлөргө да экспорттоону максат кылат.

«Бул ишти коронавирус учурунда баштаганбыз. Кыргызстанга жаңылануу киргизүү максатында ишке кириштик. Биздин компаниянын урааны: ар бир жаранга бактылуулук тартуулоо. 2020-жылы күз айларынан тартып сатыкка чыгардык. Бир байпактын орточо баасы – 120-150 сомду түзөт. Ишканада 90% аялдар эмгектенет. Учурда компанияда жалпысынан 30га жакын жумушчу иштейт».

Иш-чара аялдардын бизнестерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө жардам берет. Алардын айрымдары инвестор табууга да үлгүрүштү.

Copyright © 2017 Maral FM