Биз менен байланышыңыз

Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстанга расмий сапар менен барат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Сен 2021 | 423 | 0

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жакында Өзбекстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу ал 6-сентябрда вице-премьер-министр жана губернаторлордун катышуусунда өткөн жыйында билдирди.

Расмий сапардын алкагында президенттер жолугуп, эки мамлекеттин алакасы, аймактык жана эл аралык маселелер талкууланат. Ошондой эле кызматташуу тууралуу бир нече документке кол коюлат.

Эскерте кетсек, буга чейин Бердымухамедов Өзекбстанга 2019-жылы ноябрь айында барган. Ал эми быйыл август айында Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиеев Түрмөнстанга Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн келип кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM