Биз менен байланышыңыз

Президенттин маалымат катчысы: Жапаров туугандарынын саясатка аралашуусуна жол бербейт

Кыска кабар | 7 Сен 2021 | 386 | 0

Президент Садыр Жапаров туугандарынын саясатка аралашуусуна жол бербейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев депутат Дастан Бекешевдин «президенттин уулу Рустам Жапаров саясатка кийлигишип жатат» деген билдирүүсүнө жооп берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Бекешев парламенттик шайлоодо талапкер боло турган адамдар жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүп жатканын, ушундай эле жолугушууларды президенттин уулу да өткөрүп жатканын айткан.

«Президент Садыр Жапаровдун туугандарынын саясий процесстерге аралашуусу тууралуу позициясы өзгөрүүсүз. Мамлекет башчысы буга чейин, өзүнүн жакын туугандарынан эч кимисинин саясий процесстерге аралашуусуна, ошондой эле кайсыл бир жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлешине жол бербесин бир нече жолу белгилеген», — деди ал.

Бекешев президенттин уулу саясатка кийлигишип жатканын билдирди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM