Connect with us

8-сентябрда өлкөдө жаан жаабайт

Кыска кабар | 7 Сен 2021 | 295 | 0

Эртең, 8-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15 … +20, күндүз +30… +35;

Талас облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +26 … +31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15 … +20, күндүз +30 … +35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +24 … +29;

Нарын облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +25 … +30 градус ысык болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18 … +20, күндүз +32 … +34 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM