Биз менен байланышыңыз

«Экспортко тыюу салынгандан бери өлкөдө солярканы керектөө азайды»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Сен 2021 | 620 | 0

Март айында өкмөт күйүүчү майды өлкөдөн сыртка ташууга убактылуу тыюу салган. Бул чарадан кийин өлкөдө дизель отунун керектөө азайганын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, марттан тартып, Кыргызстанда бензиндин керектөөсү жогорулады. Ал эми дизель отунун керектөө жылдын башынан ушул убакка чейин 150 миң тоннага кыскарды.

«Демек, ошончо көлөмдөгү дизель майы реэкспорт болуп, аткезчилик жол менен Тажикстан же Өзбекстанга кетчү окшойт деген божомол бар. Экспортту токтоткондон бери аны керектөө төмөндөп кетти. Ал эми бензин группасы боюнча керектөө тескерисинче, 150-170 миң тоннага жогорулап кетти. Ал деле эч жакка чыкпай эле, ички керектөө ушунча өстү», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM