Биз менен байланышыңыз

Эшатов: Бензинге бажы алымдарын Орусия өкмөтү бекитип берет

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Сен 2021 | 1004 | 0

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов «Маралга» берген маегинде күйүүчү майларга болгон баа кантип аныкталарын айтып берди.

Анын айтымында, жыл сайын Орусия өкмөтү Кыргызстанга 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн 100 миң тонна күйүүчү майды бажы алымы жок берет. Андан ашыкча алынган майлар үчүн бажы алымы кошулат.

«Орусиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги ай сайын өкмөткө канча бажы алымын киргизүү боюнча сунушун берет. Өкмөт аны кабыл алат да, бажы ставкаларын бизге бекитип берет. Сентябрь  айына ошол өлчөм бензиндин бир тоннасына 19 доллар 30 цент менен бекитилди. Биз ошондо индикативден тышкары алган көлөмгө бир тоннасына 19 доллар 30 цент төлөп калышыбыз мүмкүн. Ошондо бензин 2 сомго жетпей, 1,5 сомдун тегерегинде кымбатташы мүмкүн», — дейт Эшатов.

Бирок Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти учурда Орусиянын бизге жөнөткөн дүң баалары турукташып баштаганын белгилеп, мындан улам күйүүчү майга болгон баалар акыркы убакта бир деңгээлде кармалып турганын кошумчалады.

«Кээ бир бензиндин үлгүлөрүнө, мисалы АИ-92ге 5 долларга, АИ-95ке 10 долларга төмөндөтүүлөр болуп жатат. Ошонун эсебинен сентябрь айынын биринчи жарымында туруктуу эле баалар болуп турат. Эгерде Орусиянын нефть заводдору бааларды бизге кайрадан көтөрүп бере турган болсо, анда кайра 1 сомдун тегерегинде кымбатташы мүмкүн. Ал эми кескин түрдө жогорулап кетет деген маалыматты биз айта албайбыз», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM