Биз менен байланышыңыз

Эшатов: Орусия квота менен берген бензинди алып бүттүк

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Сен 2021 | 711 | 0

Сентябрдан тарта Кыргызстан Орусиядан күйүүчү майды бир аз кымбат баада ала баштайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул пошлинасы жок берилүүчү күйүүчү майдын көлөмүн алып бүткөнүбүзгө байланыштуу.

«Жыл сайын Орусия өкмөтү бизге белгилүү бир көлөмдөгү бензинди, дизелдик отунду пошлинасы жок берет. Тактап айтканда, 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн 100 миң тонна күйүүчү майды пошлинасы жок алабыз.  Бул жазда биз күйүүчү майды 2 эсе көп керектедик. Ошол себептен сентябрга жетпей квотаны толугу менен алып бүтүп салдык.  Сентябрдан баштап бажы пошлинасын төлөп баштайбыз, ошондон баштап күйүүчү май кымбатыраак келе баштайт», — дейт ал.

Ал Орусия 5 жылдан бери Кыргызстанга бажы алымдары жок берилүүчү күйүүчү майдын көлөмүн бир калыпта кармап келе жатканын кошумчалады.

«Биз келишимде көрсөтүлгөн бензиндин квотасын көбөйтүп берүүнү суранганбыз. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин бул маселе чечилбей келе жатат. Орусия өкмөтү быйылкы көлөмдү келишимде каралган боюнча калтырып, эмдиги жылы карап чыгалы дешкен экен», — дейт Эшатов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM