Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстандын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшашы мүмкүнбү?

Саясат | 7 Сен 2021 | 1223 | 0

Кыргызстанда атайын кызмат соттун чечими менен жарандардын жана мамлекеттик кызматкерлердин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшай алат. Ал СОРМ системасы аркылуу ишке ашат. Бул система Орусия мамлекетинде жасалгандыктан, «биздеги телефон сүйлөшүүлөрдү Орусия тарап да угушу мүмкүн» деген тынчсыздануулар да бар. Бул маселе «атайын кызмат 110 адамдын телефонун тыңшады» деген маалыматтан улам талкууга түштү. СОРМ деген эмне? «Биздеги сүйлөшүүлөрдү Орусия тарап да тыңшайт» деген тынчсыздануу туурабы? Дагы башка ушул сыяктуу маселелерге алдыда кеңири токтолобуз.   

30-августта «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова 100дөн ашуун адамдын телефон сүйлөшүүлөрү мыйзамсыз тыңшалганын айтып, чара көрүү өтүнүчү менен Президент Садыр Жапаровго кайрылган.

«Бул факты боюнча карабайсыңарбы, бир эле иштин алкагында 100гө жакын киши тыңшалып жатат. Ал эми мыйзам боюнча тергөөчү ар бир жаранга өзүнчө суранышы керек эле. Ал сотко: «Мобул кишини тыңшашым керек, ага мындай негиздер бар, далилдерди жашырып жатат же дагы деле кылмыштуу аракеттерин улантып жатат, ошондуктан мен муну ачыкка чыгарышым керек, далил чогултушум керек. Баланча иш козголгон, ошол иштин алкагында мынча адамды тыңшашым керек» деп туруп алып барышы керек эле. Бул жерде андай кадамдар жок болуп жатпайбы. Ал жерде сот сөзсүз түрдө жок деши керек болчу», — дейт Сооронкулова.

Клара Сооронкулованын айтымында, телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоодо дагы бир көйгөй бар: ал — Кыргызстандын ичинде тыңшоолорду жүргүзүүчү СОРМ системасынын Орусияда иштелип чыгып, анан бизге келиши. Бул: «Кыргызстандагы тыңшоолорду Орусия да угушу ыктымал» дегенден кабар берет. СОРМ — жалпак тил менен айтканда, телефон сүйлөшүүлөрдү жаздырган системалык диктофон.

«Бул система 2008-жылы башталып, 2012-жылы толук кандуу калыптанып калган. СОРМ системасы — ыкчам издөө системасы. Чынында бул — Орусияда иштелип чыгып келген система. Техникалык система уюлдук операторго коюлат да, ошол оператордон кеткен сүйлөшүүлөрдү, каттарды жазып калат. Андан УКМК жана башка органдар керектүү сүйлөшүүлөрдү колуна алат», — дейт Сооронкулова.

Бул маселе боюнча «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна кайрылганыбызда, алар MegaCom уюлдук операторуна СОРМ системасы коюлбаганын айтышты.

 «Жок, бизде ал система жок, буга чейин да болгон эмес». 

Ал эми «О уюлдук операторуна СОРМ коюлган учур болду беле?» деген сурообузга «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому жазуу жүзүндө жооп узатты:

«Түшүндүрмө алуу үчүн Сиз тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылышыңыз керек. Анткени КР мыйзамына ылайык, дал ошолорго төмөнкү милдеттер жүктөлгөн:

— байланыш түйүндөрүндө жана каналдарында ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтире турган кылмыштуу кол салууларды аныктоо, эскертүү жана алдын алуу үчүн керектүү шарттарды камсыздоо боюнча;

— ошондой эле Кыргыз Республикасынын байланыш түйүндөрүндө жана каналдарда ыкчам-иликтөө иштерин камсыздоо тутумунун техникалык каражаттарын ишке киргизүү тартиби боюнча».

Акыйкатчы Токон Мамытов «СОРМ Орусияда чыкканы үчүн орустар да биздин өлкөнүн телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшайт» деген божомолдорго кошулбасын, антип тынчсызданууга негиз жоктугун белгиледи.

«СОРМ жеке Орусияда эле эмес, илимий технологиясы өнүккөн бир нече өлкөлөрдө түзүлүп чыккан. Бул системаны дагы бир топ мамлекеттин атайын кызматы колдонот. Албетте бул системаны жасап чыгарган өлкөлөр башка мамлекеттерге берип же сатып жатканда өздөрү да угуп алууга мүмкүн боло турган программаны түзүп коюулары мүмкүн. Бирок бул абдан туура эмес болуп калат. Эми Орусия, Кытай же башка өнүккөн өлкөлөр бизди кааласа СОРМи жок деле жүздөгөн жолдор менен тыңшап, билип алышы мүмкүн». 

Мындан сырткары Токон Мамытов 100дөн ашык адамдын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоодо адам укуктары бузулганын же бузулбаганын аныктоо максатында ИИМге жана Башкы прокуратурага бул ишке байланыштуу материалдарды берүүсүн өтүнүп, кат жолдогонун маалымдады.

Акыйкатчынын айтымында, негизинен жарандардын жеке жашоосун камтыган факторлорду бузуу мыйзамга каршы келет. Бирок белгилүү бир учурларда мыйзам чегинде тыңшоого болот. Клара Сооронкулова айтып жаткан «сот бир бүтүндөй 100 кишини бир тизме менен тыңшоого уруксат бере алмак эмес» деген сөзүнө да Токон Мамытов жооп берди.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренеси боюнча почта, телеграф жана телефон сүйлөшүүлөр купуя болушу керек жана укуктар сактылышы керек. Бирок кайсыл учурда тыңшоолор болот? Ал — мыйзам чегинде боло турган иш. Жазык-процессуалдык кодекстин 212-беренесинде «ушу сыяктуу учурларда тергөөчү кылмыш иштин бетин ачуу үчүн тиешелүү токтом менен сотко кайрылат» деп турат. Ошондой эле 223-беренеде «сот телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоого 2 ай убакыт берет» деп көрсөтүлгөн.

Эми бул жерде дагы бир белгилеп кете турган жагдай бар. Мисалга, мени тыңшаса, мени менен мурун-кийин сүйлөшкөн он беш-жыйырма кишини кошо тыңшоого алат да. «Мамытов менен мына булар сүйлөшүп жатат. Алар кылмыштын бетин ачканга өбөлгө болушу мүмкүн» деп, досторумду, классташтарымды, кесиптештеримди да тыңшашы мүмкүн. Ушул жагын да ойлонушубуз керек . Бул окуяда тыңшоого жалпы тизме менен кетип жатат. Демек кылмышка шектүүнүн ким менен сүйлөшүп жатканын карап, аларды да тыңшайт», — дейт Токон Мамытов.

Белгилей кетсек, Клара Сооронкулованын бул кайрылуусу боюнча Ички иштер министрлиги «110 адамдын телефондон сүйлөшүүлөрү 2020-жылдын октябрь айындагы окуяларга байланыштуу ачылган иштин алкагында тыңшоого алынган» деген жүйө келтирген.

Copyright © 2017 Maral FM