Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш 8-сентябрда жыйынга чогулат

Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 283 | 0

Жогорку Кеңеш 8-сентябрда жыйынга чогулат. Анда 2021-жылдын сентябрына Жогорку Кеңештин ишинин календардык планы бекитилет.

Күн тартибинде Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Ахмедовдун ант берүүсү бар.

«Эсептөө палатасы жөнүндө» мыйзам экинчи окууга киргизилет.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин комитеттеринин курамын бекитүү маселеси каралат.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө каналдын Байкоочу кеңешинин отчету угулат.

Парламенттин депутатары жайкы тыныгуудан кийин 1-сентябрда ишин баштаган.

Быйыл 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM