Биз менен байланышыңыз

Түркиялык белгилүү актриса Мерьем Үзерли Бишкекке келди

Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 1424 | 0

«Даңазалуу доор» аттуу түрк сериалында Хүррем султандын ролун аткарган белгилүү түркиялык актриса Мерьем Үзерли Бишкекке келди.

Ал Азия эл аралык кинофестивалынын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы долбоорду презентациялоо үчүн келген.

Asian World Film фестивалы жана Aitysh USA бирикмеси жыл сайын Түркиянын Стамбул шаарында Азия аймактык телесериалдары үчүн сыйлык уюштура турган болду. Иш-чара 2022-жылдын май айында Стамбулда өткөрүлөт. Ага Голливуддун жана Азия өлкөлөрүнүн кино жылдыздары калыстар тобунун мүчөлүгүнө тандалат.

Мерьем Үзерли 2019-жылы өткөн Азия кинофестивалында калыстар тобунун мүчөсү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM