Ысык-Көл облусунда «ХХ эл аралык Ысык-Көл оюндары» башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Аталган оюндар «Азия – кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы» аттуу ураан менен өтүүдө. Ага Кыргызстандын, КМШ жана ШКУ мамлекеттеринен спортчулары катышууда.
Мелдештер Бактуу-Долоноту айылындагы «Каприз» эс алуу борборунда өтүүдө.
Спортчулар спорттун 23 түрү боюнча таймашат – көл күрөш, баскетбол, волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол, таяк тартыш, сууда сүзүү, кыргыз күрөш, жаа атуу ж.б.