Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: мектепке жоолукту улуттук стилде салынып келүүгө уруксат берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Сен 2021 | 1051 | 0

Өзбекстанда кыздарга ак же ачык түстөгү жоолук жана такыя кийүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу билим берүү министри Шерзод Шерматов 4-сентябрда билдирди.

«Көптөгөн ата-энелердин кайрылууларын эске алуу менен улуттук баалуулуктарыбызга ылайык, быйылкы окуу жылынан тартып кыздарга мектепке ак же ачык түстөгү улуттук жоолук жана такыя кийип келүүсүнө уруксат берүүнү көздөп жатабыз», — деди ал.

Ошондой эле министр кыздар узун жакалуу көйнөк кийсе болорун кошумчалаган.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда 2018-жылы өкмөттүн токтому менен окуучуларга мектептин ичинде баш кийимчен жүрүүгө тыюу салынган. Мындан улам жоолук салынып келген кыздарды мектепке киргизбей койгон учурлар болгон. Бул жагдай ата-энелердин нааразычылыгын туудурган.

Быйыл Өзбекстанда окуу 6-сентябрда башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM