Connect with us

Коронавирус 126 кишиден табылып, 4 адам каза болду

Кыска кабар | 5 Сен 2021 | 572 | 0

Бүгүн, 5-сентябрга карата 126 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 46, Чүй облусунда — 25, Талас облусунда — 10, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 38, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 1 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 127 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 4 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 875 адам, ал эми амбулатордук түрдө 1 миң 72  бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган 176 миң 473 учур катталды. Анын ичинен 170 миң 523 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 550 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM