Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык D-Billions тобу YouTube’дун бриллиант баскычын алды

Кыска кабар | 5 Сен 2021 | 737 | 0

Кыргызстандын D-Billions тобу YouTube’дун бриллиант баскычын алды. Бул тууралуу жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азиз Абакиров билдирди.

Учурда D-Billions тобунун YouTube’дагы каналында 12 млн катталуучусу бар, алар тарткан роликтер 11 млрд жолу көрүлгөн. D-Billions — кичинекей балдар үчүн ыр чыгарган музыкалык топ. Алардын музыкалык роликтерин дүйнөнүн булуң-бурчунда болгон балдар көрүшөт.

Белгилей кетсек, бриллиант баскыч 10 млн катталуучусу бар каналдарга берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM