Биз менен байланышыңыз

Украинанын экс-депутаты: АКШ менен Европаны Крым маселеси кызыктырбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Сен 2021 | 850 | 0

Украина Жогорку Радасынын мурдагы депутаты Геннадий Москаль АКШ менен Европада Крым маселесине кызыгуу жоктугуна нааразы. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды. 

Саясатчынын айтымында, башында жүзгө жакын мамлекет Крымдын Орусияга өтүшүнө каршы болгон. Бирок жакында эле Украина уюштурган «Крым платформасы» форумуна маселе көтөрүп жаткан өлкөлөрдүн жарымынан азы гана катышкан.

«Эмнегедир кызыгуу жок. Маанилүү делген фигуралар форумга катышкан жок, байкадыңарбы? Европада андай фигура экөө — Меркель жана Макрон. Меркель күн мурун жүргөн, кийин жок болду. Маселе ушунда жатат», — деди Москаль «Наш» телеканалына берген маегинде.

Экс-депутаттын айтымында, Батыш «Украина Крым маселесин өз алдынча чечиши керек» деген позицияны кармана баштады. 

«Крым платформасы» саммити Украинанын демилгеси менен 23-августта Киевде өткөн. Анда Крымды Украинага кайра кайтаруу маселеси талкууланган. Иш-чарага 40тан ашуун өлкө жана эл аралык уюм катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM