Биз менен байланышыңыз

Рыскелди Момбековдун үстүнөн арыз түшкөнү айтылууда

Кыска кабар | 4 Сен 2021 | 594 | 0

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун үстунөн арыз түшүп, териштирүү жүрүп жатканы кабарланды. Маалыматты Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү «Акипресс» маалымат агенттигине тастыктаган.

«Милицияга окуя тууралуу маалымат кечки саат 17:00 чамасында келип түшкөн. Аталган дарекке кайгуул кызматкерлери барышып, «БМВ» унаасынын айдоочусу — 1994-жылы туулган С.И. ни милиция бөлүмүнө алып келишкен. Ал жерде С.И. сабалганын айтып, Рыскелди Момбеков жана анын жан сакчысынын үстүнөн арыз жазган», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков таксистти сабабаганын, окуя Манас проспекти менен Чүй проспектинин кесилишинде болгонун билдирген.

Момбековдун айтымында, унаасын өзү айдап бараткан. Таксист жол эрежесин бузуп, авариялык абал жараткан. Депутат унаасынан түшкөн эмес. Эреже бузган берки айдоочу унаасынан түшүп, чыр чыгарган. Ошол учурда кайгуул кызматы келип, айдоочуну алып кеткен.

«Ал жол эрежесин бузган, аны «Коопсуз шаардын» камералары аркылуу көрсө болот. Эч кандай сабоо болгон эмес, мен унаамдан чыккан эмесмин», — деген Момбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM