Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Кабулда аялдар митингге чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Сен 2021 | 928 | 0

Кабулда ооган аялдары нааразычылык митингине чыгышты. Бул тууралуу «Евроньюс» маалымат агенттиги билдирди.

Алар бийликке келген «Талибан» кыймылынан аялдардын укугун коргоону, өкмөттүн курамына, мамлекеттик кызматтарга аялдарды да кошууну талап кылышты. Ошондой эле аялдардын билим алуусуна, коомдук жана саясий жактан өлкөнүн келечегине салым кошуу аракеттерине, сөз эркиндигине тоскоолдук жаратпоо чакырыгын ташташты.

«Баарыбыз бирдей укукка ээбиз. Биз чечим кабыл алууга, саясатка, билимге, жумушка катышышыбыз керек. Ар кимдин укугу бар. Биз үйдө отуруп, унчукпай коё албайбыз. Өкмөт түзүлгөндөн кийин талибдер бизди сыйлабайт. Алар аялдарга эч нерсе кылууга уруксат бербейт; алар 20 жыл мурдагы «Талибан» бойдон эле калышкан; биз аларга ишене албайбыз. Эгерде АКШ жана башка өлкөлөр талибдерге ишенсе, анда эмне үчүн өз элин өлкөдөн чыгарып кетишти? Бизди коркунучка кептеген жагдай — ушул», — деди митингдин катышуучуларынын бири. 

Белгилүү болгондой, талибдер Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн курамына аялдарды кошкон эмес. Буга чейин иштеп келген аял министрлерди кызматтан алып, алардын ордуна эркек министрлерди дайындаган. «Талибандар» аялдар министрликтерде, милицияда, сот системасында орун басар же жардамчы катары гана иштей аларын билдиришкен. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM