Биз менен байланышыңыз

Apple электромобиль чыгара баштайбы?

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Сен 2021 | 719 | 0

Apple корпорациясы көптөн бери пландап келген электромобиль чыгаруу долбоорун ишке ашыруу үчүн Mercedes компаниясынын мурдагы инженерлерин кызматка алды. Бул тууралуу MacRumors кабарлады.

Корпорациянын  булактарынын айтымында, жаңы кызматкерлердин бири азыр атайын долбоорлор бөлүмүндө инженер-дизайнер болуп иштеп жатат. Ал буга чейин «Мерседес» жана «Порше» компанияларында автоунаанын жалпы өндүрүшүн, динамиканы, программалык камсыздоону жана долбоорлорду башкарууну көзөмөлдөп келгени белгилүү болду. 

Экинчи кызматкер да мурда «Мерседесте» иштегени маалымдалганы менен эки адистин тең аты-жөнү жашыруун бойдон калды. 

Apple компаниясы электромобиль чыгаруу долбоорун жашыруун сактап келет.  Ошол эле учурда алар ишти колго алган эки чет элдик инженердин долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашырарына үмүттөнүп турушат. 

Сентябрдын башында Digitimes Apple 2024-жылы электромобилдерди чыгарууну пландап жатканын кабарлаган. Буга чейин Wedbush талдоочусу Даниэль Айвес Apple корпорациясынын биринчи унаасы жакын арада чыгарылышы күмөн экенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM