Connect with us

Талибдер маанилүү делген Панжшер провинциясын басып алышканы айтылууда

Кыска кабар | 4 Сен 2021 | 901 | 0

«Талибан» кыймылы Ооганстандын негизги коргонуу пункту катары саналган Панжшер провинциясын басып алды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, «РИА Новости» жазып чыкты.

«Панжшер провинциясы кулады. Андагы жарандар менен жоокерлер колго түшүрүлдү. Каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн лидери Ахмад Масуд, вице-президенти Амрулла Салех качып кетишкен», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда аталган провинция талибдердин колуна тие элек деген да маалыматтар айтылууда.

Социалдык тармактарда талибдер аталган аймакты басып алганын майрамдап жатат деп божомолдонгон видео да тарады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM