Connect with us

Калктын 70% эмделиши үчүн 200 миңге жакын адам вакцина алышы керек

Кыска кабар | 4 Сен 2021 | 389 | 0

Кыргызстанда жалпы калктын 70% эмделиши үчүн 183 миң 869 адам вакцина алышы керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова республикалык штабдын жыйынында айтты.

Акыркы суткада 15 миң 62 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 5 миң 572 адам вакцинанын биринчи дозасын, 9 миң 490 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 696 миң 707 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 472 миң 995 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Учурда кыргызстандыктардын жалпы иммунитетин түзүүнү тездетүү үчүн 1-10-сентябрда өлкө боюнча боюнча акция өтүүдө.

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын педагогикалык курамы арасында вакцина алуу 70%га жетти. Мындан тышкары студенттердин иммунитетин бекемдөө үчүн ЖОЖдордо COVID-19га каршы эмдөө боюнча мобилдүү пункттар уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM