Биз менен байланышыңыз

Абдил Сегизбаев УКМКнын ооруканасына которулду

Кыска кабар | 4 Сен 2021 | 918 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан Аскердик медициналык кызматынын ооруканасына которулду.

Бул тууралуу Атайын кызматтан кабарлашты.

Сегизбевдин ооруканага качан которулгандыгы жана эмне себептен экендиги такталган жок. Ал эми айрым массалык маалымат каражаттары өздүк булактарга таянып, Сегизбаевдин жүрөгү ооруп жатканын, ага жакын арада операция жасалышы мүмкүндүгүн жазып чыккан.

Буга чейин Абдил Сегизбаевдин жубайы анын абалы оор экендигин, бирок ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына которулгандыгын кабарлаган.

Эске салсак, Сегизбаевге карата эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси Сегизбаев өзү жашап жүргөн Кой-Таш айылындагы жайыт жерлерди мыйзамсыз менчикке чыгарып алды, деген айып. Экинчиси «Белизгейт» арызы боюнча. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин негизинде козголгон.

ЖКнын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаевди калктын алдында атайын дискредитациялоо жана кылмыш жасады, деген айыптоо фактысы боюнча.

Copyright © 2017 Maral FM