Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда Мирзиеевге «улут лидери» наамын берүү сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2021 | 638 | 0

Өзбекстанда парламенттин эки депутаты президент Шавкат Мирзиеевге «улут башчысы» наамын берүүнү сунуштады.

Алгач 19-августта Жогорку Мажилис Сенатынын мүчөсү Кудратилла Рафиков Мирзиеевге арнап жазган макаласында президенттин жасап жаткан иштери тууралуу кеп кылып, аны «миллат сардори» же «улут башчысы» деп атоону сунуштаган.

Андан көп өтпөй мыйзам чыгаруу палатасынын спикеринин орун басары Акмал Саидов да макала жазып, Өзбекстанды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Мирзиеевди мактоого алып президентти «журт башы» («юртбоши») деп атаган.

Борбор Азияда президенттерге «журт башы», «улут лидери» сыяктуу наамдарды берүү көнүмүш адат. Маселен, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин «элбашы», Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун «аркадаг» (коргоочу) жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун «улут лидери» деген наамы бар.

Кыргызстанда гана президенттер андай наам алган эмес. Ошол эле учурда Кыргызстанда да депутаттардан президентти «журт башы» деп атоо сунуштары айтылып, «ажо», «журт башы» же «журт атасы» деп сөздөр ыксыз колдонула берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM