Биз менен байланышыңыз

Ахматбек Келдибековго карата чыгарылган сот чечимдери жокко чыгарылды

Кыска кабар | 3 Сен 2021 | 780 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековго карата чыгарылган сот чечимдери жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Жогорку Сот Келдикбековдун жаңы жагдайлар боюнча ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчүн канааттандырган. Мындай чечимди чыгарууда прокурордун бул ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөтүү керектиги тууралуу берген корутундусу эске алынган.

Жогорку Соттун 18-августтагы чечими менен Биринчи май райондук сотунун 2015-жылдын 12-ноябрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы жана Жогорку Соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы өкүмдөрү жокко чыгарылган.

Эскерте кетсек, Келдибеков Жогорку Кеңештин Москвадагы атайын өкүлчүлүгүнүн ачылышына байланыштуу ачылган иш боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 3 млн сом айып салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM