Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу берилбей калган кино тармагындагы улуттук «Ак илбирс» сыйлыгы 1-октябрда тапшырылат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Сыйлыктар 2019-жылы тартылган тасмаларга берилмек. 2019-жылы сыйлык алууга 40 арыз түшүп, калыстар жеңүүчүлөрдү аныктаган. Бирок 2020-жылдын 25-апрелиндеги сыйлык тапшыруу салтанаты коронавируска байланыштуу өтпөй калган.
Кино сыйлык 18 номинация боюнча берилет:
1. «Мыкты тасма»;
2. «Мыкты режиссёр»;
3. «Мыкты сценарий»;
4. «Мыкты оператор»;
5. «Мыкты сүрөтчү»;
6. «Мыкты композитор»;
7. «Мыкты үн режиссёру»;
8. «Мыкты монтаж»;
9. «Эркектин мыкты ролу»;
10. «Аялдын мыкты ролу»;
11. «Мыкты даректүү тасма»;
12. «Мыкты кыска метраждуу тасма»;
13. «Көрүүчүлөр жактырган тасма»;
14. «Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн»;
15. «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн»;
16. «Борбор Азиянын мыкты тасмасы»;
17. «Борбор Азиянын мыкты актёру»;
18. «Борбор Азиянын мыкты актрисасы».