Биз менен байланышыңыз

Экономика министринин орун басары Бишкекке вице-мэр болду

Кыска кабар | 3 Сен 2021 | 410 | 0

Бишкек шаарынын мэринин жаңы орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Айбек Жунушалиевдин буйругуна ылайык, каржы жана экономика маселелери боюнча вице-мэр Максатбек Сазыкулов биринчи орун басар кызматын аркалоо менен турак жай-коммуналдык чарба иштерин карай турган болду.

Ошондой эле Мирлан Байгончоков каржы жана экономика маселелери боюнча, Азат Узаков жер жана архитектура иштери боюнча вице-мэрликке бекитилди.

Белгилей кетсек, Мирлан Байгончоков буга чейин экономика жана каржы министринин орун басары кызматын ээлеп келген. Ал эми Азат Узаков Президенттин администрациясынын курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болгон.

Максатбек Сазыкулов

Мирлан Байгончоков

Азат Узаков

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM