Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бензин дагы кымбатташы мүмкүн

Кыска кабар | 3 Сен 2021 | 413 | 0

Ушул айдан тарта Орусиядан ташылган күйүүчү майдын ар бир тоннасынан 19,3 доллар бажы төлөмү алынат. Мындан улам Кыргызстанда бензин дагы кымбатташы мүмкүн.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер бирикмеси билдиргендей, акыркы 5 жылда күйүүчү майга болгон суроо-талап көбөйгөнү менен Кыргызстан Орусиядан бажы төлөмү жок сатып алган күйүүчү майдын көлөмү өзгөргөн эмес. Мындан улам эки өлкөнүн өкмөтү кол койгон индикативдик баланста белгиленген 2021-жыл үчүн бажы төлөмү жок ташыла турган мунайзат август айында түгөнгөн.

Буга байланыштуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер бирикмеси Экономика жана каржы министрлигине индикативдик баланстагы күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүү маселеси боюнча кайрылган. Кыргызстандын министрлиги Орусиянын Энергетика министрлигине кайрылганда, алар ички рыноктогу тартышты жүйө келтирип, экспортко тыюу салуу киргизилиши мүмкүндүгүн айтып, индикативдик баланска өзгөртүү киргизүүдөн баш тарткан.

Эми сентябрдан тарта бажы алымы алына баштагандыктан, бензиндин баасы 1,3-1,7 сомго кымбатташы ыктымал.

Ассоциация белгилегендей, учурда Кыргызстан дагы 50 миң тонна мунай менен 50 миң тонна дизель майын ташып келе элек. Эгер алар бензинге алмаштырылса, кыргызстандык компаниялар бензинди дагы үч ай бажы төлөмүсүз ташый алмак.

Белгилей кетсек, индикативдик баланс менен бажы төлөмү жок ташылып келе турган мунай жана мунайзаттарынын көлөмү белгиленет. Андан ашыкчасына бажы төлөмү алынат. Ошол эле учурда эки мамлекет жыл ортосунда индикативдик баланска алымча-кошумча киргизе алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM