Биз менен байланышыңыз

«Марал» радиосу 10 жылдыгына карата журналисттер арасында футболдук мелдеш өткөрөт

Кыска кабар , Спорт | 3 Сен 2021 | 646 | 0

«Марал» радиосу 10 жылдык мааракесине карата 11-сентябрда массалык маалымат каражаттары арасында футболдук мелдеш өткөрөт.

Оюн Бишкек шаарында «Ала-Тоо» эл аралык университетинин стадионунда өтөт.

Мелдеште биринчи орун алган командага 10 миң сом, Кубок, медалдар, экинчи орунга 7 миң сом, медалдар жана үчүнчү орун үчүн 5 миң сом сыйлык, медалдар, андан тышкары демөөрчүлөр тарабынан да өзүнчө сыйлыктар каралган.

Мелдештин башкы демөөрчүсү «Белая река» компаниясы, ал эми расмий демөөрчүлөрү Bishkek Petroleum компаниясы, «Эмир Билдинг», «Ихсан» курулуш компаниялары.

Турнирде «Мыкты чабуулчу», «Мыкты дарбазачы» жана «Мыкты оюнчу» номинациялары боюнча мыктылар аныкталып, аларга сертификат, сыйлыктар тапшырылат.

Мелдешке катышып, күчүн сынап көрүүнү каалаган ЖМКлар бул шилтеме аркылуу каттала алышат.

«Марал» радиосу — Кыргызстандын улуттук медиа бренди. Ал 2011-жылы иштеп баштаган. Алгач Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында обого чыккан. 2015-жылы Бишкек шаарында 88,5 жыштыгы менен иш баштаган. Учурда «Марал» мультимедиа катары радио, тв, жана сайтта иш алып барат.

Кошумча суроолорго жоопту 0709 841 140 (Назерке Рахматилла кызы) номеринен алсаңыз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM