Биз менен байланышыңыз

Сентябрдын ортосунда ЖККУ жана ШКУ өлкө башчылары Душанбеде жолугат

Кыска кабар | 3 Сен 2021 | 290 | 0

Сентябрь айынын ортосунда Душанбеде Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) өлкө башчыларынын саммити өтөт.

Алгач 15-16-сентябрда ЖККУнун коопсуздук кеңешинин отуруму болот.

Андан кийин 16-17-сентябрда ШКУ мамлекет башчыларынын жыйыны өтөт.

Эскерте кетсек, ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Беларусь жана Армения мүчөлүк кылат. Ал эми ШКУга мүчө мамлекеттердин катарында Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Пакистан жана Индия бар.

Учурда аталган эки уюмда тең Тажикстан төрагалык кылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM