Биз менен байланышыңыз

Эксперттердин пикири: Жылды профицит менен жабуу реалдуубу?

Экономика | 3 Сен 2021 | 1258 | 0

Президент Садыр Жапаров 1-сентябрда жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатып, өлкө бюджетин 20 млрд сом кризистен алып чыкканын жана жыл аягына дейре профицитке жеткире турганын айтты.

Айрым экономика боюнча эксперттер калктын турмушу Жапаров айткан бюджетти профицитке чыгаруу менен жакшырып кетпесин белгилешет. Маселен, өкмөт бюджетти кирешелүү кыларын же чыгашалуу кыларын өзү чечет. Экономист Кубан Чороевдин айтымында, өкмөт эл аралык донорлордон насыяларды алуу үчүн бюджетти атайын чыгашалуу кылат. Антпесе, донорлор жетиштүү (профицит) бюджетке насыя бербейт.

«Баарыбыз билгендей, бюджет эки бөлүктөн турат. Биринчиси, социалдык: айлык акы, пенсия, жөлөк пулга кетүүчү каражат. Экинчиси, инфратүзүмдүк бөлүгү: жалпысынан айтканда өнүктүрүүгө, мектеп, оорукана, жол куруу долбоорлору үчүн кетет. Президенттин бюджетти профициттүү кылабыз дегени бюджеттин өнүгүү, башкача айтканда, инфратүзүмдүк бөлүгүн азайтабыз дегенди түшүндүрөт», — дейт Кубан Чороев.

Президенттин бюджетти профицитке чыгарам дегенинде, акыркы убактагы «кустуруу» процессине таянуу ыктымалы бар экенин болжолдогон эксперт Кайрат Итибаев бирок бул кыска эле убакка натыйжа берерин эскертет.

«Акыркы убакта чиновниктерди «кустуруу» иштери болуп жатат. Ошолордон түшкөн акчага бюджетти профицитке чыгарып жатат деген ыктымал бар. Бирок, бул — кыска мөөнөттүү натыйжа. Негизи узак мөөнөткө натыйжа бериши үчүн түзүмдүк-экономикалык реформаларды жасоо керек».

Ал эми экономист Эркин Абдыразаков жыл аягында бюджетти профицитке чыгарабыз деген билдирүүнү көз боёмочулук катары баалайт.

«Пандемия убагында эл каттоо толук жүргөн жок. Анан ишкана, мекемелер токтоп турду, кошуналар менен чек ара дээрлик жабык болду. Транспорт маселеси боюнча күйүүчү май кымбаттап жатат. Андан тышкары азык-түлүктүн баарын сырттан ташып келип жатабыз. Мына ушул көрсөткүчтөрдү карап туруп эле экономикалык абалыбызды түшүнүп койсок болот да. Ушул жагынан алып караганда профицитке чыгабыз дегенден мурда бир аз этият сүйлөсөк болот эле. Бюджет баягы коррупционерлерден «кустуруп» алган акчалар аркылуу көбөйүп жатышы мүмкүн, бирок «өндүрүш тармагында мындай бир завод-фабрика ачылды, баланча адам жумуш менен камсыз болду» деген жаңылыктарды уга элекпиз да. Ошондуктан мына мен активдүү жаран катары айтарым, айрым мамлекеттик органдар жаңылууну токтотуп, ишкана, мекемелерди реалдуу инвентаризация кылса. Реалдуу өндүргөн продукияларды көрсөтсө. Ушул жагынан алып караганда, менде «айрым эр-азаматтарыбыз мамлекетке реалдуу жардам бергендин ордуна көз боёмочулукка барып койдубу?» деген шектенүү пайда болууда». 

 2020-жылы өлкөнүн ички дүң өндүрүмү (ИДП) 589,3 млрд сом болсо, 2021-жылдын сентябрь айына чейин 336,8 млрд сом болду. Ал эми өнөр жай тармагынынын жылдык көрсөткүчү 2020-жылы 92,5% болсо, быйылкы жылы ал 88,4%га төмөндөгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM