Биз менен байланышыңыз

«Пандемияда кичи жана орто бизнес өкмөттөн жардам ала алган жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Сен 2021 | 1424 | 0

Пандемия учурунда кичи жана орто бизнес мамлекеттен кандайдыр бир жардам алган жок. Мындай пикирин ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк ишкерлерде «эч болбосо, пайызы жок кредит алсак» деген үмүт болгон.

«Пайызсыз дегенде 3-4%дан ашпаган пайызды кеп кылып жатабыз. Ушундай насыя алууну үмүт кылдык, бирок сырт жактан деле биз күткөн акча келген жок, өкмөт да бул боюнча чара көрө алган жок. «Акча бере албасак да, чакан жана орто бизнеске жолтоо болуп жаткан бардык көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылалы» деп, биз менен бир топ эле жолугушуу өттү. Аракет кылып жатышат. Жогору жактан берилген жакшы ниеттерди ортоңку жана төмөнкү звено канчалык ишке ашырып жатканы азырынча күмөн. Кандай болгондо да биз президент менен өкмөттүн кээ бир маселе боюнча эрки бар экенин көрүп жатабыз. Бирок ошол убакта кээ бир аткаминерлер президенттин берген буйруктарына таптакыр дал келбеген иштерди жасап коюп жатышат», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM