Биз менен байланышыңыз

Депутат Билим берүү министрлигин жоюуну сунуштады

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Сен 2021 | 1592 | 0

Билим берүү министрлигин таптакыр жоюп салуу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, министрликтин ордуна методикалык жардам бере турган орган түзсө, жетиштүү. Ал эми мектептердин баарында Башкаруу кеңешин түзүү керек. Анын курамына биринчи кезекте кызыкдар ата-энелерди, билим берүү тармагына кызыккан коомдук уюмдар, бизнес өкүлдөрүн киргизип, керек болсо, мектеп мугалимдерин, окуучуларын катыштыруу менен мектептин директорун дайындоо керек.

«Мектеп ата-энелердин көзөмөлүндө болсо, баары ачык-айкын болот. Ачык-айкын иштесе, билим берүү тармагына акча салам дегендер толтура. Азыр күмөн саноолор көп, ошол себептен ата-энелер өздөрү да мектепке акча бергиси келбейт», — дейт ал.

Депутаттын пикиринде, билим берүү тармагында реформа жасоо үчүн экинчи кезекте, ваучер системасына өтүү керек.

«Муну президент да айтты эле. Бирок азырынча Билим берүү министрлигинен бул багытта бир да кадам көрө элекпиз. Бул система кирсе, жеке менчик мектеп ачкандар көбөйө баштайт. Азыр окууда жакшы жетишкендик көрсөткөндөрдүн 80-90%ы — жеке менчик мектепти бүткөндөр», — дейт Нурбаев.

Copyright © 2017 Maral FM