Биз менен байланышыңыз

Байтик айылында суюк азот чыгарган завод ачылды

Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 649 | 0

Бүгүн, 2-сентябрда Чүй облусунун Байтик айылындагы «Элита» мамлекеттик асыл тукум мал чарбасында суюк азот чыгарган завод ачылды.

Ачылыш салтанатка Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү, чарбанын кызматкерлери жана коомдук уюмдар катышты.

Ишканага керектүү жабдуу Бириккен Улуттар Уюмунун Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фонду (IFAD) каржылаган «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорунун алкагында сатылып алынган.

Ошондой эле донорлор берген 181 миң долларга «Элита» мал чарбасынын имараты оңдолгон. Бул чарба негизинен малды жасалма уруктандыруу менен алектенет.

Завод күнүнө 400 литрге чейин суюк азот чыгарат. Ал малдын уругун сактоо жана ташууда колдонулат. Адистердин айтымында, анын аркасы менен жасалма уруктандыруу 5%дан 30%га көбөйөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM