Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда студент кыздар менен балдар өз өзүнчө билим алышат

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 971 | 0

Ооганстанда студент эркек балдар жана кыздар өз өзүнчө билим алышат. Бул тууралуу Талибандар тарабынан дайындалган өлкөнүн Жогорку билим берүү министринин милдетин аткаруучу Абдулу Баки Хаккани билдиргенин Tolo News телеканалы маалымдады.

Хаккани белгилегендей, кыздар билим алууга укуктуу, бирок алар эркек балдар менен чогуу окушпайт. Ал студент кыздарга «коопсуз билим берүү чөйрөсү» менен камсыз кылууга убада кылды.

Ошондой эле жакында университеттер кайра ачыла тургандыгын жана Жогорку билим берүү министрлигинин мугалимдерине жана кызматкерлерине эмгек акы төлөнө тургандыгын кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM