Connect with us

Таалайбек Усубалиев: Айрып эле кетишпесе, картина келечекте өз ордун табат

Блог , Маек | 27 Авг 2021 | 6786 | 0

24 -августта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган «Жаңы соцреализм-2» сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда башка эмгектердин ичинен сүрөтчү Таалайбек Усубалиев тарткан «Ата Бейит» картинасы коомчулуктун көңүлүн өзгөчө буруп, социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Айрымдар: «Президенттер Кыргызстандын жаназасында», — дешсе, айрымдары: «Мурдагы ажолор келечек муундан кечирим сурап жатышат», — деп чечмелешти. Бул сүрөттүн жаралуу жагдайын, көркөм боёктун артындагы сырларды, маани-маңызын сүрөттүн автору, Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиевдин өзүнөн сурап көрдүк.

— Таалайбек мырза, сиз буга чейинки берген маегиңизде: «Сүрөттүн мааниси жаназа эмес, алда канча позитивдүү, ал жерде президенттер Кыргызстандын келечеги үчүн биригиши керек деген ой камтылган», — депсиз. Эми айтсаңыз, акыркы беш ажонун таштаган кадамдарынын натыйжасында өлкө учурдагы абалда эмеспи, эми ал адамдардын биригиши өлкөгө кандай пайда алып келиши мүмкүн? 

— Жогоруда айтылгандай эле, бул сүрөттө эч кандай жаназа темасы жок. Мен картинанын үстүнөн иштеп баштаганда Сооронбай Шарипович президент болуп турган. Кийин революция болуп кетти. Садыр Жапаров президент болгондо картинаны чоңойтконго туура келди. Мен эми прокурор эмесмин да, сүрөтчү катары бардык нерсеге чыгармачылык менен карашым керек. Албетте, айрымдар бул картинанын маанисин бурмалап коюп жатышат. Жакшы сөз бар эмеспи: «Жаманды көргүсү келгендер жаманды гана көрөт» деген. Менин ынтымакка чакырган себебим: мына үч революцияны башыбыздан өткөрдүк, дагы деле улана берсе, өлкөбүз кыйрап кетерин баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан ынтымакка чакыргандан башка аргабыз калбай калды.

— Эмне себептен тынчтык жана ынтымактын маанисин президенттер аркылуу бергиңиз келди?

— Анткени, алар ханыбыз болду да, башыбызда турушту. «Башчысы кандай болсо, эли да ошол» деген сөз бар. Үй-бүлөдө деле ошол эмеспи. Ата-энеси кандай болсо, балдары да ошондой болот. Ата менен эненин ортосундагы ынтымак — үй-бүлөнүн ынтымагы да. Анын сыңарындай, ошол ажолор өлкө үчүн жооптуу. Мен бекеринен сүрөттө президенттердин артына Кыргызстанды тарткан жокмун.

— Сиздин бул картинаңызды «мааниси жашырылган карикатура» дегендер да болууда. Буга кандай жооп берет элеңиз? Дегеле сүрөттүн карикатурага жакындыгы барбы? 

— Жок, бул жөн гана картина. Бир адамдын жүзүн өзгөртүп же кыйшайтып, же сарказм кошуп тартсаң карикатура болот. Исскуствону түшүнгөндөр туура баа беришүүдө, мен андайларды окуп жатам. Исскустводон түшүнүгү жоктор ар кандай ойду айтышууда. Мен аларды деле түшүнүп турам. Аларга эч капачылыгым жок. Негизи мындай окуялар көп болгон. Мисалга, орус сүрөтчүсү Илья Репин тарткан Грозныйдын баласынын өлүп бара жаткан сүрөтүн түшүнбөгөндөр кескилеп да кетишкен. Мен бул сүрөттө эч кандай жаман нерсе тарткан жокмун. «Ата Бейитке» барып эле келишкен, ооба, кара классикалык кийим кийип алып барышат. Бул болуп эле келе жаткан окуялар да. Эгерде мен буларды Ак үйдүн алдында тартсам, ошондо карикатура болуп калат эле. Менин тилегим ушул болуп жатат: ажолор чогулуп, элден кечирим сурашабы же кандай кылат, айтор, бардык ажолор, саясий күчтөр өлкө үчүн ынтымакка келишсе.

— Сиздин сүрөтүңүзгө социалдык тармактын колдонуучулары дароо коллаждарды жасап, өздүк мааниси өзгөртүлгөн саясий маанидеги боёкторду сүртүп башташты. Мындай болорун күттүңүз беле? 

— Жок, мен андай нерселер болот деп ойлогон эмесмин. Бирок бир нерсени айта кетүү керек. Мына мага Өзбекстан, Казакстан, Орусиядан бери кесиптештерим чалып: «Кыргыздар силер кыйын экенсиңер. Биз мындай сүрөттү тарта албайбыз, коркобуз. Сыймыктанып жатабыз бул картина менен», — деп жатышат. Мен: «Муну кыйын болуу үчүн эмес, мамлекеттин тагдырын көрүп туруп, келечегин ынтымакка чакыруу максатында тартып жатам», — дедим. Алар түшүнүп, ыраазычылыктарын билдиришти. Картинаны тартпай койсом деле болот эле, бирок бул нерсе менин жүрөгүмдө жатат да.

— Сиздин картинаңызга элдин мындан аркы көз карашы кандай болот деген ойдо турасыз?

— Мен Турдакун Усубалиев, Чынгыз Айтматов, Болот Шамшиев өңдүү залкарлардын жанында көп жүрдүм. Алар мени: «Таалай, жүрөгүңдөгү чындыкты айт», — деп тарбиялашкан. Чыңгыз Төрөкулович «Жамийла» повестинин кандай талкууга калып, сынчыларга кантип жем болгонун айтып берген эле. Азыр ал чыгарма кандай улуулукка ээ?.. Мен ойлойм, бул картина да 100 жылдар өткөндөн кийин өз ордун таап, баркка ээ болот. Айрымдар тытып эле кетишпесе. Мага жакында бирөө айтат: «Муну айрып, талкалап кетиши да мүмкүн», — деп. «Мейли» дедим, башка эмне кыла алмак элем.

— Картина сатыкка коюлганы жатабы?

— Жок, ал башка маселе. Аны жамаат менен чечебиз. Биз жанагы TOLOM MUSEUM деген долбоор менен иштешип жатабыз. Алар менен да кеңешебиз.

Маектешкен: Калыс Жумадилов

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM